Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана ХАМАС кыймылынын лидери Халед Мешаал Сауд Арабиянын Мекке шаарында жолугушту. Эки жетекчи Газа секторунда куралдуу кагылышууларды токтотуунун жолдорун издешти. “Биз бирдиктүү улуттук автономия кургубуз келет, бул жалпы талап. Биз кагылышууларды токтото ала турган өкмөттү каалайбыз” деди Махмуд Аббас. Декабрдан бери “Фатх” жана ХАМАС партияларынын тарапкерлеринин кагылышуусунан токсондон ашуун адам курман болду.