Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

КӨЗҮР КАРТА КУЛОВДУН КОЛУНДАБЫ?


«МК Кыргызстан» гезити, Ф.Кулов менен түзүлгөн келишимдин К.Бакиевдин аткаргысы келбегендиги экөөнүн ортосундагы тандемди биротоло мандем кылуу менен аяктагандыгын, демек буга дейре эле эл оозундагы, экөөнүн ортосундагы мамиле анчейин жакшы деле эмес деген күдүк сөздөрдүн чындыкка чыкканын, бирок тандемден кетүү менен Ф.Кулов мамлекет алдындагы бардык жоопкерчиликтен кутулганын, ал тургай бир кезде өзүн түрмөгө олтургузган А.Акаевди кечире билген Кулов, мында да сыпайы гана өзүнөн кийинки өкмөткө жакшылык каалап, ишенич билдирип кеткенин, эми саясат картасы анын колунда турганын жазды.

«Алас» гезити да ушул темага кайрылып, бүгүн Ф.Куловдун алдында үч жол турганын, биринчиден, оппозицияга өтүп, «Реформа үчүн» кыймылына кошулуп, ага туу болуп берүү мүмкүндүгү келгенин, экинчиден, 60тан аштым, эми саясатты коюп, тынч оокатымды кылып, Кудайга тобо кылайын деп жай турмушка өтсө болорун, бирок буга анын душмандары жол бербесин, үчүнчүдөн, «Ар –намыс» партиясын күчтөндүрүп, келе турган парламенттик, балким президенттик шайлоого кам көрсө болорун, саясаттын сары изине чөп салган айрым билермандардын байкашында Ф.Кулов өлкө кыйын кырдаалга туш болгондо заматта тынчыта билгенди, ошол эле учурда өлкөнү кризисттик абалга кептей билгенди да жакшы билээрин, ал бүгүн кайсыл жерде жүрбөсүн бардык иштерин өзүнүн саясый максаттарына гана жумшарын белгилейт.

Баса, «Алас» мурдагы президент А.Акаев 14 жыл ичинде Кониституцияны 4 жолу оңдогонун, азыркы президент К.Бакиев да Конституцияны эки айда эки жолу оңдогонго үлгүргөнүн, эми дагы эки жолу оңдосо ал дагы Акаевдин кейпин киерин жазды. Мындан тышкары гезит арактын аткезчилик жол менен алынып келген акцсиздик маркасынан эле калк казынасы 90 миллион сом зыян тартканын, ушул жылдын 1-январынан тартып ысык суунун басы 57 сомдон 101 сомго кымбаттаганын маалымдады.

«Лица» гезити бийлик Куловдун кишилерин ар кандай кызмат орундарынан айдай баштаганын белгилеп, Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн саммитине даярдык көрүү башталганын, 10-февралда К.Бакиев катышкан жалпы республикалык ишембилик өтөрүн, саммитти бардар өлкөлөр өңдүү жер карабай өткөрүү үчүн шаар башчылыгы 600 миллион сом сурап турганын, бирок аржак-бержагы буга 1 миллиард сом кетерин кабарлоо менен өткөн бир эле саммитке Орусия 8 учак минип келгенин, анча конокту жаткыра турган заманбап жай болсо али жоктугун, кезинде ушундай жай курсак болот эле деп какшап жүрүп жоголгон Танаевдин сөзү эми эске түшүп жатканын карачы, кысыталактыкы, деп жазды.

«Айкын» гезити, азыркы өкмөт жумурткадан чыгары менен эле калайык-калк баа бергендей «хоп-майли» өкмөт болуп калганын, кызмат орундарын баягылар эле бөлүшүп алганын, бизде акчалуулар ушинтип гүлдү айланган көпөлөктөй Акүйдү айланып жүрө беришерин… демек, Үсөн Сыдыковдун бийлиги дале күчүндө деп билсе болорун белгиледи.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG