Бул долбоор коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшкө кол кабыш кылат деп билдиришти бүгүн демилгечи депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Айдар Керимкулов. Алардын айтымында, мыйзам мамлекеттик кызматкерлерди коомчулуктун көзөмөлгө алышын шарттайт. Бул мыйзам долбоорунун иштелип чыгып, кабыл алынышы үч айдан бир жылга чейинки убакытты талап кылат. Долбоорду даярдоого Европа Коопсуздук Кызматташтык уюму менен «Адилет» укуктук клиникасы кол кабыш кылууда. (BuS)