Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:11

«МЕН КӨЗ ЖУМСАМ СЫРТТА АГАЙЫН ДОС КАЛАР»


«Кыргыз туусу» гезити бул санында айтылуу эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун «Куса же Салижан Жигитовдун ибараты» деген эскерүүсүн жарыялады. Маркум Салижан ага:
-Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,
Алар мени аз убакка эске алар.
Бир гана арман: айтылбастан сөз калар,
Жомок болуп эл эсинде сакталар» деген экен. Ошентип, өмүр бар жерде өлүм да барын, бирок өмүр бою өрнөк боло турган Салижандыкындай өлүм чанда болорун эске салган бул эскерүү.

Массалык маалымат каражаттарынын катарына дагы бир «Айыл өкмөтү» деп аталган жаңы гезит жарык көрдү. Ал буга чейин гезит ичиндеги гезит болуп «Кыргыз туусунун» тиркемеси катары чыгып келсе, бул жолу өз алдынча жарык көрдү. Башкы редактору Таштанбек Шамшидинов. Максаты- элет жериндеги айыл-кыштактардын, анын тургундарынын жашоо-турмушун чагылдыруу.

«Кыргыз руху» гезити аны менен соттошкону жаткан президент К.Бакиевдин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаев жөнүндөгү дагы кеңири маалыматты
окурмандарынын суроолору боюнча жарыялап жаткандыгын жар салуу менен, Бакиевдин оң колу болуп турган Темирбаев мырза Акаев заманында Гималай суусундугун чыгаруудан 33 миллион сом мамлекетке зыян апкелген киши катары сот жообуна тартылган адам экенин, анын мындан башка да көп өнөрлөрү барын маалымдады.

«Жаңы ордо» гезити буга жооп кылып президенттин иш башкармалыгынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Балбак Түлөбаевдин маегин жарыялады. Өз жетекчисинин айланасындагы мындай сөздөр чындыкка дал келбей тургандыгын айткан Түлөбаев мырза, «Кыргыз руху» гезити ээлеп турган имаратына 500 миң сом карыз болуп, ошону төлөбөй келатканын айтты.

«Агым» гезити ээрден шыпырылгандан бери Маскөөдө жүргөн генерал Куловдун Путиндин көздөй кишилери менен жолугуп, Бишкекке көңүлү жайдары келатканын, дагы бир генерал Ө.Суваналиев кызматтан түшкөнүн ооруканада жатып телевизордон укканын, депутат М.Эшимканов, Тибетте жашаган 3 миң кыргызды көздөй экспедиция жиберүү демилгесин көтөрүп өкмөткө кайрылганын, Кыргызстан боюнча эң чоң көлөмдөгү же 29 миң сом пенсия алган бир киши барын, бирок анын ким экенин өлкөнүн соцфондтөрайымынын орунбасары Ольга Лаврованын гана билерин, ошол эле убакта Кыргызстанда эң төмөнкү айлык 10 доллардын аржак-бержагында кылтылдап турганын кабарлады.

«МСН суббота» гезити, «Ах, казына чектеген каражат менен жашаган кандай жаман» деген макаласында өткөн жылга салыштырганда Жогорку Кеңештин бюджети өзгөрүүсүз калганын, ал эми президенттин иш башкаруу башкармасынын чыгымы өткөн жылга салыштырганда 200 миллион сомго ашык чыгымдалганын, ал эми премьер-министрдин аппаратынын ыгым-чыгымдары үчүн эле 7 миллиондон ашуун сом каралганын, а чындап келгенде аткаруу жана сот бийлиги казына эмчегин какшыта соргондугу жагынан алдыларына тирүү жан салбастыгын жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG