Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын карамагында ачылган бул борбор ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органын реформалоо долбоорунун алкагында ишке кирди. Шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, эксперттик – криминалисттик борбордун кызматынан жалпы түштүк аймагынын күч органдары пайдаланмакчы. ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Маркус Мюллердин сөзү боюнча борборду заманбап техникалар менен жабдууга 40 миң евро жумшалган.