Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:41

8:30 ХИПИК тууралуу талкуу жүрүп жаткан убакта Кыргызстандын тышкы карызы дагы 250 млн долларга көбөйдү


Кыргызстандын жаңы жылдан кийинки тышкы карызы 2 млрд 150 млн долларга жетти. Мындай маалыматты билдирген мурдагы вице премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтуусунда кээ бир ишканалардын бюджетке болгон карызын мамлекет төлөп келе жатат, буга мамлекеттик казынадан 2 млрд сомдон ашуун каражат кетет. Базарбай Мамбетовдун пикири боюнча ири ишканаларды салыктан бошотуучу жеңилдиктер жоюлса, мамлекеттик бюджетке жылына кошумча 4-5 млрд сом түшүп турмак:

-Токмоктогу “Интергласс” айнек заводу, Канттагы цемент-шыйпыр комбинаты жана Майлысуу лампа заводдору жыл сайын мамлекеттик казынага 130-140 млн сомдон салык төгүүгө милдеттүү. Бирок ушул тапта “Интергласс” ишканасы менен КЦШК жылыга 23 млн сом, ал эми Майлысуу лампа заводу 60 млн сом гана салык төгөт, калганын мамлекет көтөрөт. Демек, Кыргызстандагы ири ишканалар мамлекетке көп өлчөмдөгү салык төлөбөйт да, тескерисинче мамлекет алар төлөөчү салыктын ордун толтурат. Муну кыргыз экономиксынын улуттук өзгөчөлүгү десек болот.

-дейт Базарбай Мамбетов.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG