Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Иран өзөктүк программалар боюнча сүйлөшүүлөргө даяр, бирок уранды байытуу иштерин токтотпойт


Бул тууралуу президент Махмуд Ахмадинежад Тегеранда Ислам революциясынын 28-жылдыгына арналган митингте билдирди. Ахмадинежад Тегеран Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик менен кызматташаарын дагы бир ирет тастыктады. Мюнхенде өткөн конференцияда Ирандын өкүлү Али Ларижани МАГАТЭ менен пикир келишпестиктер бир нече жумадан кийин чечилээрин айтты. БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга 21-февралга чейин шарт койгон. Эгерде Тегеран уран байытуу программаларын токтотпосо, жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG