Москва базар экономикасынын негиздерине ылайык, Украина, Беларус жана башка өлкөлөргө саткан энергиянын баасын жогорулатканын Коргоо министри Сергей Иванов билдирди. Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда Орусия көп жылдар бою КМШ өлкөлөрүнө энергияны арзан баада сатып келген деп айтты Иванов. Бул мурдагы Совет өлкөлөрүнө жардам ирээтинде болгон, эми базар экономикасына өтүүгө мезгил келди деп кошумчалады Сергей Иванов.