Бул тууралуу “Кыргыз руху” гезитинин баш редакторунун орун басары Жазгүл Масалиева “Азаттыкка” маалымдады. Анын ырасташынча, кечээ түнү белгисиз бирөөлөр редакциянын компьютердик борборуна күйүүчү май куюлган бөтөлкөгө от коюп туруп, терезесинен салып жиберишкен. Ошондой эле өрттөнгөн гезиттин редакциясынан бул окуя мурда бир топ жаңжал жараткан президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаев тууралуу макаланын уландысы даярдалып атканда болгонун билдиришти. (IJz)
10:44 “Кыргыз рухунун” редакциясындагы өрт К.Темирбаев тууралуу макала даярдалып атканда болгон