Диний экстремизмдин алдын алуу апталыгы Укук, бизнес жана компьютер технологиясы институтунда 12-февралда башталды. Бул иш чара 6-мартта маданият техникумунда жыйынтыкталат. Окуу жайлардагы илимий кызматкерлер менен тарыхчылардан, казыят менен укук коргоо органдарынан, жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган топ диний экстремизмдин коркунучу, алардын чыгуу себептери, пайда болуу булактары тууралуу түшүндүрүү иштерин жайылтышат. (YA)