Салык инспекциясындагы коррупцияны жоюу максатында быйыл Бишкектен баштап бардык аймактардагы салык инспекциялары компьютерлештирилет. Муну ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы 10 млн. доллар бөлдү. 64 аймактык кызмат жоюлуп, болгону 24 кызмат калат. Салык инспекциясынын борбордук аппараты 20 пайызга кыскартылып, андан үнөмдөлгөн акча калган кызматкерлердин маяналарын көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык жана жыйым комитетинин төрагасы Токтобек Акматов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы 16 миңге чукул чарбалык субьекттер текшерилип, Кумтөрдөн 95 млн. сом, Энерго компаниялардан 550 млн. сом өндүрүлгөн. “Учурда энегретика тармагынын карызы 1 млрд. 600 млн. сом болду”,- дейт Акматов. (AJ)