Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иранды уранды байытуу программаларын токтотууга чакырды. Агенттиктин жетекчиси Мохаммед ал-Барадейи Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө, бул чатакты чечүү үчүн үч-төрт ай талап кылынат деп айтты. Анын аралыгында Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлери БУУнун Иранга каршы санкция киргизүү планын колдошту. Евробиримдиктин Тышкы комиссары Хавьер Солана дүйнө коомчулугун Иран менен диалогду жандандырууга үндөдү.