Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

18:05 Тажик чекарачылары Баткендин аймагында эки КАМАЗ автоунаасын кармашкан


БАТКЕН. Кыргызстандын аймагында Тажикстандын чекарачылары эки КАМАЗ автунаасын тосуп, жүк ээлеринин жана айдоочулардын документтерин, акчаларын алып коюшкан. Бул тууралуу 13-февралда облустук администрациясынын укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашты. Баткен облустук акимчилигине кыргыз-тажик чегарасына жакын жердеги Баткен районуна караштуу Каксай участкасында куралданган тажик чегарачылары Гүшарип Анарбаевага жана Карамат Султановага тиешелүү соода түлүктөр жүктөлгөн эки КАМАЗ автомашинасын токтотуп, жалпы суммасы 5 миң сомго жакын акчасын жана айдоочулардын бардык документтерин алып коюшканы тууралуу арыз түшкөн. Ошондой эле тажик чегарачылары документтерди 200 АКШ долларын алып келмейинче берилбей турганын да айтышкан. Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы да тастыктады. Учурда окуя боюнча эки тараптуу териштирүү иштери жүрүп жатат. (SA)

XS
SM
MD
LG