ВАШИНГТОН. Кошмо Шттардын президенти Джордж Буш АКШ Иранга каршы аскердик чабуул пландаштырып жаткандыгын төгүнгө чыгарды. Буштун айтымында, андай имиштерди анын оппоненттери таратып жатышат. Ошону менен бирге эле Буш Иранды атомдук курал жасап чыгарууга аракеттенип жатат деп айыптады.