Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Түндүк Корея атомдук обьектисин жабууга макул болду


БЭЭЖИН. Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу жүргөн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында маанилүү макулдашуу жетиштилди. Ага ылайык, Түндүк Корея Йоң- Бйоңдогу атомдук электростанциясын эки айдын ичинде жабууга макул болду, ага жооп катары 50 миң тонна күйүүчү май же ошого тете экономикалык жардам алмак болду. Ал эми атомдук программасын токтотууга карай дагы кошумча чара көрсө, Түндүк Кореяга бир миллион тонна күйүүчү май берилмекчи. Түндүк Кореянын Атомдук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөргө Россия, АКШ, Түндүк - жана Түштүк Корей өлкөлөрү, Кытай жана Япония катышууда.

XS
SM
MD
LG