Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

ТЕМИРЖОЛ: АКЧА ЖОК, АЛТЫНДЫ АЛ


Кыргыз-кытай темир жолунун техника-экономикалык негиздемеси мындан 6 жыл илгери аягына чыгып, 2005-жылы Азия менен Европаны байланыштырган кыска каттам ишке киришип калмак. Бирок да Өзбекстан менен Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарынын кайчы келишинен темиржол курулушу эмдигиче башталбай, иш создугууда.

Тынч океандан Батыш Европага башбакчу эң кыска темир жолду куруу идеясы мындан бир кылым илгери эле козголуп келсе да, аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү эми түзүлүүдө. Кытай Кашкар темир жолун 2000-жылдын жазында эле бүткөрүп, ушу тапта коңшуларынын аpакет-кыймылына кылдат баам таштап турат.

Өзбекстан Анжияндан чыккан поюз Ош аркылуу Эркештамды ашып ары Кытайга өтүүнү болжосо, Кыргызстан темир жолду Нарын дарыясын бойлотуп Казарман аркылуу Торугарт ашуусунан өтүшүнө кызыкдар. Кыргызстан өкмөтүнүн курулуш, унаа, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Нурдин Жолдошевдин ырасташынча, Торугарт аркылуу өтчү темир жол долбоорун кыргыз-өзбек-кытай үч тараптуу өкмөттүк комиссия жактырган.

- А бирок кийинки эки жылдан бери Өзбекстан такыр унчукпайт, же жок дебейт, же бар дебейт. Ошону менен иш токтоп турат. Төрт-беш жолу кат да жаздык.

Маселенин каржылык жагы ушу тапта кыргыз бийлигин катуу ойлонтуп турган кези. 2 миллиард ашуун доллар карыздан кантип кутулуунун амалын таппай отурган өкмөт темир жол курулушуна деле ошончо каражатты кайдан издерин билбейт. 7-февралда өткөн өкмөттүк жыйында Кытайдын «Инвестиция акысына табигый байлактар» долбооруна кошулуп, курулуш акысына Терексайдагы калай-вольфрам, болбосо Кеминдеги Талдыбулак алтын кенин берүү демилгеси көтөрүлдү.

Ошентип темир жол курулушуна 2 миллиард доллар табуу далалаты Кыргызстандын тоо кендерине байланганы турат. Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун директору Кадырбек Сакиев тоо арасындагы кол жетпей жаткан кендерди темир жолдун акысына баалап берүү туура эмес деген пикирде.

- Бул туура эмес вариант болуп калат го. Себеби бизде кен байлыктардын түрлөрү абдан көп. Жолду жээктей кеткен жерлердеги кенди берип жол курабыз дешсе бул, менимче, туура эмес болуп калат.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтуусунда, Анжиян – Жалалабат, андан Нарын дарыясын бойлоп Казарман, Арпа жайлоосуна чыкчу темир жол көп каражатты талап кылган татаал курулуш болот. Ага каражат табалбай калса, өкмөт табигый байлыкты чет элдиктерге толук бербеши керек.

- Эгерде бирөөгө берсек 50% бизде болушу керек. А бизде болсо азыр «Жерүй», «Кумтөрдү» берип койдук. «Талдыбулактын» болсо 30% эле бизде калыптыр,- дейт О.Дүйшеев.

Кыргыз өкмөтү 6 жылдан бери токтолуп калган маселени Бишкекте өтчү Шаңхай кызматташуу уюмунун кезектеги чоң жыйынына алып чыгып, талаштын башын толук чечип алуу максатын көздөөдө. Бирок да кендирди кескен каражаттын чукактыгы өкмөттү аягы бүдөмүк ишке түртүп, анысы дагы бир HIPC сындуу чатакка алып келиш ыктымалдыгын байкоочулар эмитен эле болжошууда.

XS
SM
MD
LG