Куловдун айтымында, президент К. Бакиев Кыргызстандын сырткы карызын жоюп салыш үчүн Африканын жашоочусу болууга даяр экенин билдиргенде эле, ал ХИПИК программасына каршы болгон. Бирок, мамлекет башчыдан мындай билдирүү болгондон кийин өкмөттө аны көрсөтмө катары кабыл алышып, коомчулукта ХИПИКке каршы терс мамиле болуп жатканына карабай аны сырткы карыздан кутулуу гана эмес, бюджет толтурган мекемелерде коррупцияны жоюу механизми катары да түшүнүп калышкан. «Дал ушул себептерден улам, мен биздин өлкөнүн сырткы карызын жеңилдетүү программасын ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти мойнума алдым»,- деп белгилейт Ф. Кулов. (KCh)