Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:17

14:20 Ф.Куловдун билдирүүсүнө саясатчылардын ой-пикири ар кыл


Экс-премьер-министр Феликс Кулов өзүнүн позициясын бүгүн аныктап берди. Бул саясий кырдаалды курчутпаса дагы кандайдыр бир деңгээлде коомго таасири тийиши мүмкүн, деди “Коомдук саясат институтунун” тең төрагасы Муратбек Иманалиев. Ал эми саясатчы Нур Омаровдун көз карашында, Кулов оппозицияга өтүп, саясий кырдаалды курчутат жана бийлик менен эч качан келишим түзбөйт. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркинбек Алымбеков болсо Куловдун билдирүүсүнөн кийинки саясий иш аракеттерине, стратегиясына карата, оппозициялык күчтөрдү бириктиргенден кийин “Ата Мекен” партиясы өз ойлорун айтып, балким кызматташууга барышарын айтты. Жаш саясатчы Эдил Байсалов болсо Кулов бул билдирүүсү менен оппозицияны ынанадыралбастыгын, ишеним көрсөтүү үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүшү керек экендигин белгиледи. Анын айтымында, Кулов мамлекеттик бийлик органдарында коррупцияга аралашкан бир топ кишилердин атын атап, ак үйдүн жетинчи кабатындагы ыпылас иштерди фактыга таяп коомчулукка жарыялашы керек. (AJ)

XS
SM
MD
LG