14-февралда Түркмөнстандын Элдик Кеңешинде 11-февралдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланып, шайлоочулардын 89,23 пайыз добушуна ээ болгон Гурбангулы Бердымухаммедов президенттик ант берди. Инаугурацияга Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров баш болгон Кыргызстандын делегациясы катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)