ЖАЛАЛАБАТ. Ишкананын жакында өткөн жыйналышында жумушчулар анын сатылышына нааразылыгын билдиришкен. Алар кремний өндүрүүчү Таш көмүр шаарындагы "Кристалл" акционердик коомун чет өлкөлүктөргө эмес, кыргызстандык ишкерлерге сатууну талап кылышкан. Бул тууралу ишкананын профсоюз комитетинин төрагасы Рахман Сарыбаев маалымдады. Шаар мэриясы ишкананын жаңы жетекчилиги жумушчулардын 7 айдан бери төлөнбөй жаткан маяналары төлөп, жыл башынан бери сыноо иретинде 5 килограмм полкремний өндүргөнүн жана азыр өндүрүштү өркүндөтүү милдети турганын билдирди. Буга чейин депутаттар А.Бекназаров менен О.Артыкбаев 200-300 миллион, саясатчы Т.Тургуналиев 100 миллион доллар баага татыган ишкана 5 миллион долларга бычылганын айтып чыгышкан.(RY)