Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

22:00 Президенттин басма сөз катчысы: Феликс Кулов жеке кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койду


Феликс Куловдун билдирүүсү боюнча бүгүн кечинде президенттин басма сөз катчысы да билдирүү таратты. Анда президент тандем эрежесин бузбагандыгы, премьерликке эки жолу көрсөтүлсө да парламент Куловду колдобой койгону айтылат. «Ошого карабай мурдагы өкмөт башчы президенттен талапкерлигин кайра көрсөтүүнү, эгер андан да оң жыйынтык болбосо парламентти таратууну суранган, бирок бир адамдын кызыкчылыгы үчүн президент стабилдүүлүктү тобокелге сала алмак эмес»,- дейт басма сөз катчы Нурлан Шакиев бул билдирүүдө. Басма сөз катчы ошондой эле мамлекеттик телеканал аркылуу экс-пермьердин билдирүүсү тууралуу сүйлөгөн сөзүндө «Феликс Кулов жеке кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койду»,- деп баалады. Феликс Кулов бүгүн оппозицияга өткөнүн жар салган билдирүү жасап, коррупцияланган үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы күрөшөөрүн айткан. (SM)

XS
SM
MD
LG