Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча өкүлү Така Усуйдун айтымында жапон кинорежиссеру Тосио Готонун “Мергенчи” кинотасмасын жөн жерден тандап алышкан эмес.
-Кинотасмада аюуларга мергенчилик кылган бир абышка аркылуу Жапониядагы мергенчилердин жашоосу чагылдырылган. Алардын турмушу, салт-санаалары көрсөтүлөт. Бизде бул кесипти аркалагандар күндөн –күнгө азайып бара жатат. Кыргыз элинде да мергенчиликке кызыккандар көп эмеспи андыктан бул тасма көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деген ой менен көрсөтөлү деп чечтик.
Така Усуй мырзанын сөзүн улай Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Тацухико Касай мындай деди:
-Он беш жылдан бери Жапония менен Кыргызстандын алакасы уланууда. Эки элдин бири-бирине окшогон көп жакшы жактары бар. Мисалы кыргыз эли да жапондордой меймандос келет. Ошондой эле илгертеден эле бул эки эл мергенчилик менен алектенет.
Жапония менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин он беш жылдыгына арналып уюштурулган киножумалыкка кинокүйөрмандары менен бирге киноишмерлер да күбө болушуп, ХХI кылымдагы жапон киносунун өсүшүнө баа беришти. Маселен сүрөтчү коюуучу Шарип Жайлообаевдын пикиринде көрсөтүлгөн фильмдер жаподордун салттык стилинде бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып тартылган.
Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөргө жапондордун салтка айланган тайко урма аспабынын музыкалары да тартууланды. Жапондордун улуттук музыкалык аспаптарынын бири болгон тайко барабанын ойногон Урмат Калиев бул аспапта ойноо менен өзүңө кандайдыр бир күч кубат аласың дейт. Мына ушундай маанайдагы жапон кинолорунун жумалыгы бүгүн жыйынтыкталат. Эми алдыда Жапониянын борбору Токио шаарында кыргыз кинолорунун фестивалы өтмөкчү. Анда режиссерлор Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдин, Актан Абдыкалыковдун, Эрнест Абдыжапаровдун жана Замир Эралиевдердин кинотасмалары көрсөтүлмөкчү.
Айжан Шаботоева, Бишкек