Анда президент тандем эрежесин бузбагандыгы, премьерликке эки жолу көрсөтүлсө да парламент Куловду колдобой койгону айтылат. «Ошого карабай мурдагы өкмөт башчы президенттен талапкерлигин кайра көрсөтүүнү, эгер андан да оң жыйынтык болбосо парламентти таратууну суранган, бирок бир адамдын кызыкчылыгы үчүн президент стабилдүүлүктү тобокелге сала алмак эмес»,- дейт басма сөз катчы Нурлан Шакиев. Феликс Кулов кечээ оппозицияга өткөнүн жар салган билдирүү жасап, коррупцияланган үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы күрөшөөрүн айткан. (SM)
7:00 Феликс Куловдун кечээки билдирүүсүнө бийликтин атынан президенттин басма сөз катчысы жооп жасады