Ушул эле конференцияда Буш АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелерди татаал деп баалап, эки өлкө ортосунда жалпы кызыкчылык дагы, пикир келишпестиктер дагы бар деп кошумчалады. Орус президенти Владимир Путиндин акыркы учурдагы АКШга карата сын сөздөрү эки тараптуу мамилелерге кедергесин тийгиздиби деген суроого Буш “агрессивдүү америкалык саясат болгон” деп жооп кайтарды. Ошондой эле президент Буш Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу жетишилген алты тараптуу макулдашууну кубаттады.