Кечээ Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын президенти Жорж Буш Иран өкмөтү согушкерлерди курал менен камсыз кылаарын так айта албайм деп айтты. “Иран өкмөтүнүн бир бөлүгүн түзгөн революциялык гвардия ирактык согушкерлерди курал-жарак менен камсыз кылып турат. Бирок гвардия куралдарды өкмөттүн түздөн-түз буйругу менен сатып жаткандыгы тууралуу так айта албайм. Кандай гана болбосун биз өз жоокерлерибизди коргошубуз керек,”- деп билдирди Жорж Буш.