Жалалабат облусундагы сот, прокуратура, күч органдары маалымат жыйынын өткөрүп, кылмыштуулуктун кырдаалы жөнүндө маалымат беришти. Облсоттун төрагасы Ырысбек Шүкүралиев элдин сотторго ишенбей калганын мойнуна алып, мал, жаңгак уюлдарын уурдоо көбөйгөнүн билдирди. Областтык акимчиликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун билдиришинче, облуста диний-экстремисттик уюмдар кулач жаюуда. «Хизб-ут-тахрир» жашыруун уюмунун 5500дөн ашык өкүлү бар». Былтыр оор кылмыштардын жана уурдалган малдардын саны көбөйгөн.YA)