Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

17:37 Жалалабатта Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү митинги болду


Эскерүү митингисине 300дөй адам катышты. Алар Ооган жана экинчи дүйнөлүк согуштан кайтпай калган жоокерлерди бир мүнөт үндөбөй туруу менен эскеришип, эстеликтерине гүлчамбарларды коюшту.Асманга мылтык менен үч ирет ок атылды. Губернатордун орунбасары Айбек Акбаров Ооганстанда кызмат өтөгөндөр жаштарга өрнөк болоорун белгиледи. Облустук аскер комиссариатынын маалыматы боюнча, Ооган алааматын басууга облустун 1288 тургуну чакыртылган. Алардын жыйырма сегизи курман болуп, отуздан ашыгы майып болуп кайтышкан. Облустун Базаркоргон районундагы Арстанбап айылында туулган Юрий Исламовго Ооганстанда курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Жалалабат шаары 130 ооган ардагерине түшкү сый тамак берди.(YA)

XS
SM
MD
LG