“Эгерде Кошмо Штаттары Иракта баштаган ишин аягына чыгарбай, таштап кете берсе, анда душман артыбыздан биздин үйгө келет” деп айтты президент Жорж Буш. Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Буш, Республикалык жана Демократиялык партиялардын мүчөлөрү Иракка кошумча аскер жөнөтүү үчүн жооптуу деп билдирди. Буш Өкүлдөр палатасында анын Ирак боюнча жаңы стратегиясынын талкууланып жатышын сынга алды.