Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

ИСКЕНДЕР ГАИПКУЛОВ: ЭКИ БАСКЫЧТУУ БЮДЖЕТ ЭЛГЕ ПАЙДАЛУУ


Өлкөнүн быйылкы жыл үчүн али бекиле элек бюджети мурдагыдан айырмаланып эки гана баскычтуу болгону жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында айтылды. Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Гайыпкулов “Азаттык” менен бюджет маселесинин тегерегинде маектешти.

- Жогорку Кеңеште кечээ бюджет маселеси талкууланып жаткан кезде премьер-министр Азим Исабеков эки баскычтуу гана бюджетке өтүүгө даяр экенин билдирди. Демек, бул чечилген маселеби, депутаттык корпус муну колдоого даярбы? Эгер ошондой болсо эки баскычтуу бюджет менен эмнелер өзгөрөт?

- Биринчиден, биздин кыргыз өкмөтү эки баскычтуу бюджет менен иштөөгө даяр деп премьер-министр кечээ өзүнүн сөзүн берди. Ушуга байланыштуу биз сунуш кылган үч баскычтуу бюджеттин мыйзамын өзүбүз кайра артка кайтарып алдык. Эки баскычтуу бюджеттин пайдасы бар. Себеби, биздин акчаларды Бишкектен туруп ар бир айыл өкмөттөр өздөрү ала алат. Мурда айыл өкмөткө жеткенге чейин облуста, андан кийин райондор бөлүшүп көп убакыт кеткен. Экинчиден, ошол акчаларды өзүлөрү ала албай кыйналчу. Акимдердин, губернаторлордун өздөрүнүн фонддору болчу, алар ушул акчаны иштетчү. Эми бул акчалар туура айыл өкмөткө барат. Бирок коркунучтуу жерлери да бар. Бул айыл өкмөттөрдүн өзүндө даярдыктын жоктугу. Эгерде айыл өкмөттөр даяр болгондо көп нерселер жакшы болмок. Бирок, биздин кесиптештер буларды бүгүн алып барбасак дагы эле кала берет деген дооматтарды коюшту. Бул туура. Ошон үчүн эки баскычтуу бюджет болгону туура. Алты ай кыйнчылык болушу мүмкүн. Себеби кадрлар даяр эмес, айыл өкмөттөр компьютерлер менен камсыз болбой калды. Өткөн жылы биз компьютерлерди, акча бөлгөнүбүз менен бүгүнкү күнгө чейин айыл өкмөттөргө жете элек. Ушул жактан кичине коркунучтар бар. Бирок айыл өкмөттөр үчүн аябай жакшы иш болот.

- Туура эмес кеткен, максатсыз пайдаланылган, катуурак айтканда жеп ичилген акчалар тууралуу жылда эле айтылат. Ушул эки баскычтуу система мамлекеттик казынаны сарамжалдуу пайдаланууга салым кошо алабы?

- Салым кошуш керек. Бирок максаттуу пайдалануу жер-жерлерде болушу мүмкүн. Азыркы күндө Финансы министрлигинин кызматкерлери айтып жатат, кээ бир айыл өкмөттөрдө акчаларды туура эмес пайдалануу болуп жатыптыр. Айлыкка берген акчаны ремонтко же башка нерсеге иштетип жиберген фактылар чыга баштаптыр. Ошон үчүн бул жагынан кыйынчылыктар болот. Бирок биз баары бир барышыбыз керек.

- Эки баскычтуу бюджет деген бара-бара административдик реформа болсо район деген түшүнүк жоюлат дегенди да билдирбейби?

- Негизинен администативдик реформага барууга түрткү болот. Себеби бул жерде облустун губернаторлорунда финансылык милдеттенме жок болот. Себеби бул күнгө чейин финансылык жетектөө менен көп иштер болуп келген бюджет аркылуу. “Эгерде бул ишти кылсаң сага мына кошумча акча” деген маселе болуп келген. Муну жашырбайбыз. Ошон үчүн бул жерде булардын таасири айыл өкмөттөргө кичине азаят. Бирок, быйлкы жылы облуска бөлүнө турган акчалар республикалык бюджетте каралат дагы ошол жерден финансылык каржылоо болот. Мен ойлойм, биздин өкмөттүн дагы ою ушундай деп.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG