Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

ЗИЛЗАЛА ЖАҢЫРЫГЫ: ӨКМӨТ АКЧА ИЗДӨӨДӨ, ЭЛ ЖАРДАМГА МУКТАЖ


Жаңы жылга чейин, андан кийин өткөн жер титирөөлөрдөн Кыргызстандын 5,5 миңден ашуун имарат, үйлөрү зыян тартып, аларды калыбына келтирүү ушу тапта оор проблемага айланып отурат. Өкмөт бул ишке 250 миллион сом талап кылынарын эсептеп чыккан. Бирок да бул акча кырсыктан жапа чеккендердин мкутаждыгын канааттандыра албайт.

Парламент депутаты Мурат Жураевдин айтуусунда, өкмөт бөлүп бермекчи болгон 250 миллион сом үйүнөн жарака кетип, жардамга муктаж болуп отургандардын баарын жетпейт. Анын үстүнө ал акчанын кыйласы мамлекеттик курулушка жумшалмакчы.

Ушундай эле пикирин депутат Рахатбек Ырсалиев да билдирди. Анын ырасташынча, 10 миң ашуун кишиге өкмөттөн бөлүнчү 250 миллион сом аябай эле аз.

Парламент быйылкы жыл бюджетин, табигый кырсыктан жапа чеккендерге кандай жардам берилерин бүгүнкү жыйында карамак. Бирок да өкмөт башчынын келбей калгандыгына байланыштуу маселе кийинки аптага жылдырылды. Депутаттар аз деп жаткан акчаны табуу деле кыйынга туруп жатканын, Жогорку Кеңеш быйылкы жыл бюджетин бекитип бере турган болсо муктаж болгондорго карызга 250 миллион сом акча бөлүнөрүн Каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.

Карыз акча демекчи, бөлүнгөн акчаны кантип бөлүштүрүү милдетин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, Архитектура жана курулуш агенттиги жүргүзмөкчү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Абдыраев маселе азырынча каржыга гана такалып жатканын белгилеп, адистер табигый кырсыктын зыяндарын толук иликтеп чыкканын, калган ишти курулушчулар жүргүзөрүн маалымдады.

Адистердин ырасташынча, кырсыктан зыян тарткандардын муктаждыгын канааттандырууга кеминде 1,5 миллиард сом талап кылынат. Бирок да мынчалык акчаны бюджеттен бөлүп берүүгө Кыргызстандын экономикалык чама-чаркы чак. Анан да жер көчкү болуп кетиши ыктымал жерлерден көчүрүлүп чыккандардын көпчүлүгү кыйла жылдан бери өкмөттөн карыз акча алалбай келатат. Жыл санап оорлошуп бараткан бул проблеманы чечүүнүн ыңгайлуу жолу – турак-жайларды камсыздоо системасын киргизүү. Бирок да бул иш азырынча Кыргызстанда колго алына элек.

XS
SM
MD
LG