Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:44

ЖАНЫБЕК КАЗЫ: “БААРЫН КАЛТЫРЫП КЕТҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛГОМ”....


Тээ алмустактан эле карапайым калктын арасынан суурулуп чыккан, эл эркиндиги үчүн коркпой-үркпөй күрөшкөн азаматтар кыргыз тарыхында арбын. Алар кайсыл мезгил болбосун, бийликтин камчысынан карапайым калкты сактоо аракети менен белгилүү болгон. Азыркы көз караш менен айтканда өз кызыкчылыгынан журт кызыкчылыгын жогору койгон патриоттор - өз доорундагы бийликтин каталыгына каршы тургандардын ана башчылары тууралуу сөз учугу уланууда.

3-макала

Кытай-Пакистан сапарлары ал жактагы жашаган кыргыздардын ал-абалы, Кыргызстан аймагында айтылып жүргөн Жаныбек казы деген инсан тууралуу иликтөө максатын көздөө эле. Канчалаган жылдар өтпөсүн, баардык эле инсандар тууралуу бирдей аңыздар айтылбайт эмеспи. Айтылса да, даңазалуу аңгеме, ушундай бир уламыштар муундан-муунга өтүп, эл эсинде керээз болуп сакталып калганы чанда.

Арийне Жаныбек казы өмүрүнүн акыркы жылдарын Пакистан мамлекетинде өткөргөн. Ага чейин Кытай мамлекетинде жашаптыр. Ошондон биз адегенде эле Жаныбек казы туруп калган Былкылдак айылына жол тарттык. Бул айыл Кызыл-Суу автоном облусунун Улуучат районуна караштуу. Саздуу келгени менен бул жер малга жайыттуу дешти айылдын тургундары. Ал жерде он эки үй-бүлө эч жакка көчпөй туруп калышыптыр. Анын себебин: “Жаныбек казы деген болгон экен, ошол киши: “бул жер силерди сактайт” деп айткан экен. Жамандык көргөн жокпуз” деп бизге ата бабабыз калтырып кеткен керээзди сактап келатабыз” дешти, бири-биринин сөзүн колдоп.

- Атым Жамалидин. Каратерек айылынан болом. Туруктуу жайым Былкылдак. Быйыл 72 жаштамын. Жаныбек казы келген убакта биз төрөлө элек убак экен. Толук билалбайбыз. Бирок, угат элек Жаныбек казы деген болгон деп. Кашкарга өтүп, Чыппак казы менен алакасы болгон. Кашкарга барып Кашгарды сурап турган деп айтышаар эле. Карачалдын Шоробулак деген тоосунда бир молдо Борош дегендин үйүндө туруп, Корумду тоосу менен өтүп, Карачалга келип, Шоробулак деген жерде, отуздай аскери менен жатып, 50-60 коюн Кожокелди деген бир бечара кембагал, сагыр жаш балга бактырган деп Рысмамат деген аксакалдан уккамын. 93 жашында былтыры кайтыш болуп кетти. "Жаныбек казы чакан, орто бойлуу экен. Кашы кирпигине түшүп, көзүн жаап турар эле” дешчү. Кем уктоочу экен. Камчысын чекесине таяп, көзү ирмелип-ирмелбей,” эртең мындай болот” деп жөнөп кетчү. Айтканындай эле артынан түшкөндөр изин кууп келип, таппай калчу” дешээр эле.

-Абдрай Молдошайи, 65 жаштамын. Жаныбек казы деп, уламыштар, имиштерден көрбөгөмүн. Имиштерден эле угабыз. Жаныбек казы деп атын укканбыз. Илгери чыккан экен. Көп жерде наамы бар.

-Мен Атакмат. Жаныбек казы деген советте казы болуп турган экен. Кара-Шородон, ушул жакка качып келген деп айтышчу аксакалдар. Жыгында, Былкылдакта туруп, анан Кашкарга кирип, анын аркасынан Жаныбек казыны тутам деп Ади басмачы келген, орус жумшаган экен, деп айтылат. Ага туттура койбой, Чыппак деген экөө биригип, Адини тутуп, Чыппак ошол жерде калып, Жаныбек казы Былкылдакка келип туруп калган.Чыппакты Ысак туткан деп айтылат”.Ошол кезде расим (сүрөт) деген жок окшойт. Сүрөтү болбоптур деп Рысмамат деген аксакал көп айтар эле.

- Мен Улуучат ооданынын көөнө Улуучаттан болом. Атым Азат. Жаныбек казы тууралуу кайнатам көп кеп кылар эле. Басмачы адам окшойт экен. Кашкасууда “Жаныбек казы кезмел тараткан” деген жер бар. Бул кандай болгон десе ошол советтен кездеме алып келип, элге таратып берген экен.

-Атым Жээнбек Кадыр уулу. 35 жаштамын. Улуучаттын Жыгын айылында турамын. Азыркы жайлообуз Жаныбек казы өтүп келген Корумду жайлоосу. Менин атамын көзү өтүп кетти Кадыр Байсал деп. Жана бир аксакалыбыздын да көзү өтүп кетти Кожонияз Жумаке деген. Ошолор айтышаар эле. Авам 12 жаштагы бала элем дейт. Бир байдын колунда койчулукта калгамын. Бир күнү айылда отурсак Алайкуу тараптан 2 үйүр жылкы, 40 кой айдаган 20 атчан киши келди. Кожониязды бир байдын ити каап, колун тиштеп, оор абалда, адам болуштан өтүп калат. Жаныбек казы ошо Кожонияз авабызды көрүп туруп: “Балам динде туура эмес. Атасы баласын таштап кетип калганы. Сени таштап кетип калган атаң деп түсүн айтып бералган экен, көрбөй туруп. Атаң эмне болгон күндө да сени өзү менен бирге алып жүрүшү керек эле.

Атасы жокчулуктун айынан таштап коюп, советке качып кетиптир да. Сени таштап коюп, башкаларга кор кылгандан кийин сенин атаңа өлүм жаза берсем дагы аздык кылат деп айткан экен. Ошол киши көзү өткөнгө чейин айтып жүрдү. Жаныбек казы мени адам кылган деп. Ошонун туз даамын ичкемин. Турмушумда көп өзгөрүүлөр болду. Ал киши жөн киши эмес, бир олуя деп айтар эле. Ошол эки үйүр жылкыны айдап келгенде түгөнгөнчө союп берип, элди баккан экен. Жаныбек казы менен Кошмат, Айтмерек эки билерман кошо келген экен.
Аны басмачы дешкенин билалбайм. Кыргыздар үчүн аракет кылган адам. Биз кыргыз болгондон ки йин Манастын убагында да кыргыз ар кандай милдетке баш ийген эмес. Мустакыл, өзүнчө бир мамлекет болот деген жолдо баскан адам деп билем. Биздин Корумду жайлоосунун Бозбелес деген жону бар. Ошол жерге келгенде орус аскерлери атып, куугунтуктап, жашоого мүмкүндук бербегенде жалама таштын боору менен аттын буттарына курмушу, кийизден ороп кийик өткүс зоодон өтүп кеткен экен. Азыркыга чейин эстелик болуп турат. Жөө адамдар өттү десе ишенбейт. Мындай айтканда деңиз деңгээлинен 400 миң километр бийиктиктеги тоо бетинен ат менен өткөн деп легенда сыяктуу ушул кезге чейин айтылат. “Ат жолу”- деп азыркыга чейин атагы бар. “Жаныбек казы ат өткөзгөн”- деп эмдигиче эскеребиз. Жана дагы бир жайлоо бар Тилешчаты деп коет. Ошону Жаныбек казы: “Бул улук жер экен. Мен ат коюп коеюн. Бул жер Кичиалай болуп калсын деп ат койгон. Азыр биз да кичик Алай деп айтабыз. Ошол колоттун ичинде бир үңкүрдү Жаныбектин үнкүру деп коет.

Ол убакта Жаныбек казыга орустан эле эмес, кыргыздан да душмандар чыккан. Ади деген 500 мылтыкка сатып жибергенин, орустарга кармап берем деген убадасын өзү айтыа бериптир. Анда:” мени арзан сатып коюпсуң, канча десең берет эле ат-таа-а” дептир Жаныбек казы. Жаныбек казынын шариат сот, казы болушу азыркы кездеги эл аралык соттун ролун аткарып турган десе болот. Ошончолук күчкө, кадыр баркка ээ да Жаныбек казы деген.

Ошентип, Улуучаттыктар Жаныбек казы тууралуу уккандарын төкпөй-чачпай айтып бергенге аракет жасашып, ал инсандын ким экендигин жакшы билген-көргөн адамдардын маркум болуп кетти дешип, эртерээк болгондо Жаныбек казы тууралуу айкыныраак, далилдүүрөөк маалыматтар болмок дешип, арман кылышты. “Калк сөзү - калыс тараза” демекчи. Доор алмашуусу 1937-38 жылдардагы репрессия курмандыктарын, Үркүндүн 90 жылдыгы канчалаган талкаланган тагдырды ордуна койду. Ушул сыяктуу советтик кенеш өкмөтүнө каршы чыккан, басмачы деген атка конгон кээ бир көз эчак өткөн инсандар тарых барагында иргелип, элдин эсин эки анжыга койгон мезгил сабактары эгемендүүлүк жылдары өз баасын ала баштады дейт тарыхчылар.

Кытайлык кыргыздар айтмакчы Жаныбек казынын өз элин туулуп өскөн жерин ташап Кытайга ооп кетиши тууралуу ар кандай пикирлер айтылат. Бул тууралуу кийинки уктуруубузда сөз кылабыз. Жаныбек казы эли-журтунан биротоло кеттим деп келатканда чек арада туруп айткан бир аңыз сөз бар.

- Кыргызстандагы жөнөкөй адамдарга караганда, Кытайдагы кыргыздар Жаныбек казы тууралуу көп аңыз кылат экен дагы, анын кылган кызматы, жасаган эрдиги жөнүндө чоң сыймыктанып айтат экен,- дейт тарых илимдеринин доктору, профессор Аблабек Асанканов. - Иле кыргыздарына барган мезгилде, тиги Тарбагатайдын батыш жагында, Казакстан менен чектеш Иле чоң автоном аймагында Нылкы деген айылда Максум Акматалы деген адам менен сүйлөштүм. Ал киши 78ге келген киши экен. Атасы болсо 118ге чыгып каза болуптур. Мына ошол адам өзү Кашгарда төрөлүп, атасы Жаныбек казынын жанында жүрүп, Кыргызстандан Кытайга Жаныбек казы менен бирдикте өтүптүр. Эки чоң аңызды айтып берди. Орто Азияда эң кеч совет бийлиги орногон жер - бул Бухара кандыгы. Ошол Бухара эмирлигин алалбай, совет мезгили, бир совет командачысы дейт да, балким Михаил Васильевич Фрунзе болушу мүмкүн.

Ушул Бухараны камаганда, көпкө чейин алалбаганда ушул Жаныбек казы айткан экен: “Силер Бухараны алалбайсыңар. Бухара бул мусулман шаар. Алса мусулман алат, мусулман сүйлөшөт, а башка элге Бухаралыктар баш бербейт. Мына алса мен алам” деп, тегерегине жигиттерди чогултуп, чынында биз азыркы көз менен баа берип атабыз, Жаныбек казы жалгыз өзү алышы мүмкүн эмес, бирок ушул Бухараны совет бийлигине каратканы алганда ошол совет бйилигине багындырып Жаныбек казынын эмгеги чоң экендиги Кытайлык кыргыздар чоң аңыз кылат экен.

Жаныбек казы совет бийлигине кызмат өтөп, кадимкидей совет бийлигин орнотууга катышып, Кыргыз автономия республикасы жарыяланган учурда ошерде жашаган экен. 1920-жылдын аягында коллективизация мезгили башталып жатпайбы. “Бөрк ал десе баш алмай” башталып кеткенден, акыркы тоок-торпогуна чейин алып элди кедейлентип жиберген. Мурун айткан: “элге жакшы болсо колдойлу. Эгерде элге жамандык кылса каршы чыгабыз” деп.

Ошондон кийин анан болбой калды деп Кытайга өтүп баратканда Жаныбек казы менен бирге жүрүп кызмат кылган орус улутундагы бир аскер кызматчысы артынан барып, чек арага жакындап калганда бетме=бет келип сүйлөшөт экен: “Эмне үчун артыман келатасың. Экөөбүз чогуу эле кызмат кылбадык беле. Совет өкмөтүнө зор байлыгым бар эле аны бердим. Атадан калган жерим, жайлоом бар эле аны бердим. Жада калса катын-балачакамды калтырдым, бүт калтырдым. Эми өз башымды гана алып кетип баратам. Барын калтырып, кетүүгө аргасыз болуп кетип баратканда мени жөн койсоңор боло. Сен эмне келатасың, сен экөөбүз чогуу жүрбөдүк беле. Совет бийлигин чогуу орнотподук беле. Сенде уят барбы дегенде айткан экен: ”Жаныбек казы менде го уят бар. Мен көтөрүп келаткан куралда уят жок экен, эмне кылам” деген экен.
XS
SM
MD
LG