Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Маскөөнүн айтымында, Косового эгемендүүлүк берилгенден зыян гана болот


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ күнү билдиргенге караганда, эгер Сербиянын курамындагы Косово автономиясына эгемендүүлүк берилсе, андан Балкан жарым аралы менен бүткүн Европага зыян гана болот. Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Марти Ахтисаари иштеп чыккан план боюнча, Косового жакын арада чектелүү эгемендүүлүк берилүүгө тийиш. Лавровдун айтымында, андай планга косоволуктардан тышкары сербдер да колдоо көрсөткөндө гана Орусия аны Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешиндеги талкууда жактырат.

XS
SM
MD
LG