Ирандын маалымат каражаттары билдиргенге караганда, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Захедан шаарында кечээ күнү өлкөнүн коопсуздук күчтөрү менен жергиликтүү лашкерлер ортосунда куралдуу кагылышуу чыкты. Анын алдында шаарда жарылуу болгон жана полициянын айтымында, ал үчүн жоопкерчиликти Жундалла деген сунни уюму өзүнө алды. Жардыруудан эч ким курман болгон жок, бирок шаршемби күнү дагы ушул эле шаарда болгон башка жардыруудан 11 өкмөттүк аскер набыт кеткен жана аны дагы ишке ушул уюм ашырган. Ал жардыруу менен байланыштуу полиция беш адамды кармады. Ирандын айтымында, бул окуялардын артында АКШ менен Британиянын коопсуздук күчтөрү турат.