Бокс боюнча чоңдор арасындагы Кыргызстандын чемпионатында финалдык беттешүүгө 44 спортчу чыкты. Беттешүү 11 салмактык категориялар боюнча жүрүп жатат. Чемпионаттын башкы катчысы Равхат Бакбановдун ырасташынча, алтын медаль үчүн 15 Бишкектик, 3 Оштук жана Ысыккөл менен Нарындан бирден спортчу күч сынашууда. Сыйлыктардан тышкары жеңүүчүлөр спорттун чебери деген наам алышмакчы.