Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ: АР ТАРАПТУУ ЖАРКЫН ТАЛАНТ


“Талант тагдырынын” бүгүнкү мейманы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, таанымал чоорчу, сурнайчы, сыбызгычы Нурланбек Нышанов. Ал бүгүнкү күндө “Адахандын Борбордук Азия боюнча музыкалык демилгеси” аттуу программанын алкагында “Устат-шакирт” борборунда педагог-устат болуп иштейт.

Бүгүнкү кундөгү Кыргызстандын абалкы элдик чертме, үйлөмө, какма, тартма музыкалык аспаптарына жан сала кубулта ойногон көрүнүктүү шайырдын, таланттуу педагогдун бири – Нурланбек Нышанов. Алсак, ал комузду таңшыта чертип, терме ооз, жыгач ооз комуздарды кубулжута кагып, чоорду, сурнайды, сыбызгыны, чопо чоорду созолонто тартат. Бир эле мезгилде Нурланбек аталган асапаптардын чыныгысын да чыгара жасайт. Алардын ар бирине ар кандай маңыздагы күүлөрдү да чыгарат. Ар тараптуу шыкка бай Нышанов өзү уюштурган “Ордо сахна”, “Теңир тоо” этнографиялык-фольклордук ансамблдерди да жетектейт. Жеке өзү жана өзү уюштурган топтор менен АКШ, Германия, Франция, Түркия баштаган ондогон чет өлкөлөрдө гастролдо болуп, эл аралык фестивалдарга катышып, кыргыздын элдик музыкасынын кооз үлгүлөрүн даңазалап, жар салып келүүдө. Ал чыгармачылык менен бирге педагогдук-устаттык иште да жемиштүү эмгектенүүдө.

- Нурланбек мырза азыркы кезде “Адахандын Борбордук Азия боюнча музыкалык демилгеси” аттуу программанын алкагында уюшулган “Устат шакирт” борборунда педагог-устат болуп иштеп жатыпсың. Классыңда канча шакирт окуйт? Алар кайсыл элдик музыкалык аспаптарда үйрөнүүдө?

- “Устат шакирт” борборунда устат-педагог болуп иштей баштаганыма үч жылдын жүзү болду. Менин классымда үч бала окуйт. Чоордо Марат Абышов, чопо чоордо Камбар Календаров, сыбызгыда Кутманаалы Султанбеков. Булар беш жылдын ичинде кыргыздын баардык үйлөмө аспаптары чоорду, сыбызгыны, сурнайды, чопо чоорду үйрөнүп чыгышы керек. Биринчи кезекте байыркы элдик аспап чоорду. Андан кийин сыбызгыны, чопо чоорду үйрөнүшөт. Өзүңүз билгендей советтик доордо аталган элдик аспаптар ойнолбой унутта калып келген. Ошондой болсо да бирин-экин күүлөр сакталып калган. Алсак, чоорчу Асанбай Каримовдун күүлөрү тасмага, табакка жазылып калыптыр. Анын күүлөрүн нотага түшүрүп, чоорунун сүрөтүн таап, анын негизинде аспапты жасадым.

- Нурланбек мырза, сыбызгы күүсү жөнүндө угармандарга маалымат бере кетсең?

- Бала кезимден эле элден сыбызгы жөнүндө көп уктум. Бирок, анын кандай аспап экенин көзүм менен көрө албадым. Бирок сыбызгыны көрүш үчүн көп издене баштадым. Биринчи жолу радиодон тасмага жазылып калган күүсүн уктум. Аны уккандан кийин ага болгон кызыгуум баштагыдан да артты. Кийин Кочкордон актаңдай акын, комузчу, ооз темир комузчу Токтосун Тыныбековго тиешелүү сыбызгыны Аскар деген таланттуу музыканттан көрдүм. Кийин Аскардан сыбызгыны үйрөндүм. Бара-бара байыркы аспапты жасап өркүндөтүп тартып жүрөм. Бүгүнкү күндө эстен чыгып, унутта калган аспаптын келечеги өтө зор, күндөн-күнгө бул аспаптын элдик музыкадан ээлеген орду кеңейүүдө. Себеби деген элдик музыкалык аспаптардан түзүлгөн топтордо башкы үйлөмө музыкалык аспаптын бири катары колдонууда.

- Нурланбек мырза, чоор менен сыбызгынын кандай айырмалары, өзгөчөлүктөрү бар. Алар кандай материалдардан жасалат?

- Сыбызгы менен чоор илгертеден бери айтылып калгандай эле чогойно, балтыркан, керез, шилби өңдүү ичи көңдөй өсүмдүктөрдөн жасалган. Азыр мен чоор менен сыбызгынын үндөрүн салыштырып тартып берейин. Азыркы ойногонум сыбызгы. Бул аспапты туурасынан кармап тартабыз. Чоор болсо тигинен кармап ойнолот. Чоордо добуш сыбызгыга караганда татаал алынат. Маселен сыбызгыда алты көзөнөк болсо, чоор төрт көзөнөктүү. Мына ошонусу менен айырмаланат. Эми мен чоорду тартып берейин. Эки аспаптын мына ушундай айырмачылыктары бар. Эми шакиртим Марат тартып берсин.

- Кутманаалы мырза, М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында орустун элдик аспабы домбра классын окуп бүтүпсүң. Азыр болсо сыбызгы, чоорду үйрөнүп жатыпсың. Ага эмне себепчи болду?

- Менин үйлөмө элдик музыкалык аспаптарга кызыкканымдын бир чоң себеби бар. Өзүм М.Күрөңкөев окуу жайында эл артисти Т.Мураталиевдин классынан домбра классын окуп бүттүм. Домбрада жакшы ойноп, жаман ойноп көрдүм дегендей чертип жүрөм. Бирок ойлоп көрсөм кыргыз болуп туруп, өзүбүздүн элдик музыкалык аспаптарга кызыкпаганыма аябай нааразы болдум. Күндөрдүн биринде Нурланбек агайды концерттен-сахнадан көрүп, агайдын чоордо, сыбызгыда ойногондорун көрүп, аябай кызыгып, кийин агайга жолугуп: “сизден чоор, сыбызгы тартканды үйрөнөйүн” десем, макул деди. Ошондон бери агадан сабак алып атам. Агайдын эмгеги өтө зор. Агайга ырахмат, чын ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Азыр болсо агайдын класста көнүгүү үчүн үйрөткөн күүсүнөн үзүндү аткарып берейин.

- Нурланбек мырза, келечекте чоорчулардын, сыбызгычылардын, чопо чоорчулардын ансамблдерин уюштурайын деген оюң барбы?

- Элдик аспаптарды калк арасына жайылтууда ансамблдин ролу өтө чоң. Жалаң чоордон, жалаң сыбызгыдан, жалаң эле чопо чоордон өзүнчө-өзүнчө жана жалпы үйлөмө аспаптардын ансамбли болуш керек. Жакында чоордон ансамбль уюштурдум. Бул болсо чоң жаңылык деп эсептейм. Азыр өзүмүн шакирттерим менен бир күү аткарып берели. Ал элдик “Койчулардын коңур күү”.

- Ырахмат Нурланбек мырза, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Өзүңдөн өткөн шакирттериң көп болсун!
XS
SM
MD
LG