Кечээ күнү Кочкор районундагы зилзаладан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн барган Хизб-ут-Тахрир уюмунун 11 мүчөсүн жергиликтүү укук коргоо органдары убактылуу кармоочу жайларга алып барып камашты. Бул тууралуу уюмдун мүчөсү Сманов Нурланбек «Азаттыкка» маалымдады. Хизб-ут-Тахрир партиясы бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган, исламдык, радикалдык багыттагы уюмдардын бири. (IJz)