Мындай пикирин Башкы прокуратуранын маалымат-катчысы Токтогул Какачакеев бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Кочкор районундагы зилзаладан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн барган Хизб-ут-Тахрир партиясынын 11 мүчөсү кечээ жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Токтогул Какчакеевдин айтымында, өлкөдө халифатты курууну көздөгөн Хизб-ут-Тахрирчилер ушундай жардам көрсөтүү менен карапайым калкты өзүнө тартуу аракеттерин жасап атат .
13:10 Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү карапайым элге жамынып, уюмдун идеологиясын таратып жатат