Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:00

10:40 М.Эшимканов: Байланыш агенттиги «Сентябрь» телеканалына кысым көрсөтүп жатат


Парламент сессиясынын башында ушундай билдирүү жасаган депутат «Сентябрь» телеканалынын жагдайын иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуш кылды. Парламент бул сунушту колдогон жок. Бирок, депутат Муратбек Мукашевдин сунушуна ылайык бул маселеге депутаттар танапистен кийин кайра кайрылмай болушту. Депутат Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, учурда телеканалдын имаратын бузуу аракеттери көрүлүп жатат. Мунун артында мамлекеттик байланыш агенттиги турат. Жалалабад облусунда жайгашкан «Сентябрь» телеканалына буга чейин эки ирет белгисиз адамдар тарабынан чабуул жасалгандыгы маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG