Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

11:45 Темир Сариев: Центерранын каржылык абалы оор


Депутат Темир Сариевдин маалыматына караганда, «Центерра» ишканасы быйыл каржылык оор кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат. Анткени, анын Кумтөр ишканасынан башка олуттуу каражат тапкан өнөктөшү жок. Б.а. компаниянын жетимиш процент каражатын Кумтөр түзөт. Ошондуктан, депутат Кыргызстанда алтын иштетүүнүн мындан аркы шарттары боюнча тезирээк ойлонууга өкмөттү чакырды. Депутат Болот Шерниязов «Центеррага» сатылган Кыргызстан акциясынын үлүшүнөн түшкөн 86 миллион долларды Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жумшоо зарыл деп эсептеди. Кумтөр алтынына байланышкан маселени ушул эле күнү депутат Муратбек Мукашев менен Кубанычбек Исабеков да көтөрдү. Өткөң аптада Кыргыз өкмөтү менен Центерра компаниясынын жектекчилигинин эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча алгачкы жолугушуусу мурдагы жумада Москвада өттү. (BuS)

XS
SM
MD
LG