Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

ЖАНЫ СПЕКТАКЛЬ КОЙГОНГО МАМЛЕКЕТ КАЧАН АКЧА БӨЛӨТ?


Кыргызстанда эгемендиктен бери жаңы спектаклдердин театрга коюлуш каржысын жазган авторлор өздөрү көтөрүп келатышат. Жаңы спектакль койгонго мамлекет акча каражат караштырбай жатканына Кыргыз улуттук драма театрынын чыгармачыл жамаатынын ичинде нааразылык чоң.

Кийинки убакта кыргыз драматург жазуучулары кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасына мурда тыюу салынып келген Шабдан баатыр, Ормон хан, Курманжан датка, Атаке баатыр тууралу драмаларды алып чыгышты. Бирок жаңы чыгармаларды алып чыгууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөгөндүктөн, жогорудагы тарыхый драмалардын авторлору бул драмалардын сахнага чыгышын да демөөрчүлөр аркылуу өздөрү көтөрүп келатышат. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын “Атаке баатыр” драмасынын коюлушуна 400 миң сом сарпталган:

Ооба, 400 миң сом сарпталды. Бут кийиминен бери алдык да... Анан калса, хандардын, манаптардын үйдө кийгени бир башка, тактыдагысы бир башка, жортуулдагы кийими дагы бир башка болуп атпайбы... Ушундай тарыхый чыгармалар элге зарыл эмеспи... Антпесе эл өспөй, сабатсыз болуп калат го... Айрыкча мындай тарыхыбызга байланышкан чыгармалардын ыгым-чыгымын өкмөт өзү көтөрүшү керек.

Эгемендикке чейин мамлекеттик драма театры бир жыл ичинде беш жаңы спектаклдин бетачарын даярдап, сахнага коюуга милдеттүү эле. Албетте, ал чыгармалардын элге тартууланышы – мамлекет тарабынан камсыздалчу жана ал оюндар сөзсүз түрдө дүйнөлүк классикадан, боордош элдердин жана улуттук классикадан тандалып алынчу. Токтоболот Абдымомунов атындагы мамлекеттик драма театрынын башкы режиссеру Замир Сооронбаев белгилегендей, жаңы спектаклдер үчүн өкмөттөн каражат бөлүү дале чечиле элек:

Театр - жан-дүйнөнүн күзгүсү делет эмеспи... Чынында да театрдын эң башкы аткарар иши - ошол жан-дүйнө жайын чагылдыруу. Дагы биздин академиялык театрда мурдагыдан көп нерселер болгондуктан, ошолорду баалап-сактап дегендей, театрды сактап калдык. Театрдын жок болушуна жол бербедик. Маданият министрлиги кайра түзүлгөндө кубандык эле, бирок жаңы спектаклдер үчүн азырга чейин бир тыйын карала элек.

Өткөн жылы мамлекеттик драма театрынын 80 жылдыгы белгиленмек болуп атып, айрым себептерден улам белгиленбей калган. Ал себептер –бир жагынан театрдын 40 жылдан бери оңдоп-түзөлбөгөнү, ички бөлмөлөрдүн эскилиги болсо, бир жагынан маданият жана маалымат министри Султан Раев белгилегендей, мааракени белгилегенге акча каражаттын жоктугу жана күздөгү саясий абал себеп болгон. Азыр театрдын жамааты театрдын 80 жылдыгын белгилөөнүн алдында – 80 жыл ичиндеги театрдын турмушу, анын жылдыздары тууралу китеп чыгаруунун жана музей уюштуруунун үстүндө иштеп жатат.
XS
SM
MD
LG