Гуманитардык жардам жетпей же атайын комиссиялар үйлөрүн жакшы текшербей кетти деп Кочкор районунун айрым тургундары аткаруу бийлигинин эшиктерин тындырбай жаткан учур. 19-февралда кочкорлук укук коргоочу Чынара Тургуналиевага жүзгө чукул адам өз укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Алардын бири Кочкор районунун тургуну Зарыл Дүйшеева эч жардам жетпеди деп нааразы болууда:
- Менин Дүйшеев Кеңешбек деген белгилүү спортчу уулум бар болчу. Ошол жашаган үйдүн төрт бурчу тең жарылып кетти. Балдарына эч кандай жардам берген жери жок. Балам нечен деген жерлерге барган, 60-70ге жакын ордени бар, грамоталары толтура. Бирок эч жардам жок.
Зилзаланын кесепетин изилдеген комиссия ал өзү үйдө жокто барып, төртүнчү топ деп жазып кетиптир.
Жаңыжол айылынын тургуну, биринчи топтогу майып Элмира Исраилова өзүнүн да, атасынын да үйү жарабай калганын айтып арызданды.
- Жардамдын бары кайда кетип атат. Элдин бары ошондуктан нааразы болуп атат да. Акимчиликтен, пикетке чыксаңар жаш-карыңар болобу, өзүм атып салам деп айтышты. Акимибиз ушинтип атса биз эмне болобуз?- дейт Эльмира Исраилова.
Амангазы Исабаевдин үйүнө да эч ким барган эмес. Ал эми Аскарбек Аскановду элдин проблемаларын ачык айтканы үчүн жергиликтүү бийлик куугунтуктап баштаган:
- Кочкор районунда турам. МЧСтин туура эмес категорияларды койгону боюнча губернаторго жардам ачык болбой атат деп айтсам. Биздин акимдин орунбасары Касен деген мени сөгүп, милицияга берди. Алар мага кысым көргөздү,- дейт А. Асканов.
Бир жума мурда журналисттер менен жолуккан облус губернатору Жыргалбек Азылов Нарын облусунда жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн 159 млн. сом акча керек болоорун айтып, ипотекалык кредит берүүчү облуста бир да банк жок экенин билдирген.
Жабыркаган үйлөр боюнча категорияга нааразы болгондор үчүн майга чейин эки мобилдүү комиссия иштеп калаарын жарыялаган эле. Ал эми жер титирөөнүн залакасын изилдөөчү атайын түзүлгөн облустук штабдын башчысы Аскат Апсаматов нааразы адамдар арыздар менен кайрылса болот дейт:
- Кайрылган жарандардын арыз даттанууларын кабыл алып атабыз. Мындай деп келип атат, урматтуу комиссиянын мүчөлөрү биз комиссия барганда кээ бир нерсени түшүнбөй калыптырбыз, биздики төртүнчү топ болмок экен. Менин жанымдагы эле кошунаныкы төртүнчү болду, меники үчүнчү, же экинчи деп калды деп. Бирок бирөөнүн дагы арызын четке какпай, ушул күнгө 2-3 том арыз болду. Бирок ошол эле учурда ошол эле адамдардын комиссия ар бир үйгө түзгөн актыда колдору турат. Макул деп кол коюшкан. Төртүнчү категорияга гана акча берилет экен дегенди угуп алгандан кийин ар түрдүү ой-максаттар менен болушу мүмкүн. Бирок жалпысы эле ошентип атат деген алысмын. Анткени күн жылый баштагандан кийин чын эле кээ бир үйлөрдүн жаракалары мурункудан дагы чоңоюп атат.
Аскат Апсаматовдун айтымында, майга чукул мамлекеттик курулуш агенттигинин комиссиясы келет. Комиссия төрт топко бөлүп алып, талапка ылайык текшерип чыгып, табигый кырсыктын кесепетинин эсеп-чоту кайрадан чыгарылат.