Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

ЧААРАЛА ГИЕНА АФРИКАДАН БОРБОР АЗИЯГА КАЧУУДА


Чаарала Гиена (түрк элдеринде – Сыртлан) Африка жана Түштүк Азиядан түндүк-чыгыш тарапка, Борбор Азияга көчүп жатышат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Түркмөнстандын түштүгүндө кана азма-аз кездешчү Сыртлан эми Өзбекстандын чек арасына жакын Амударыя жээктеринде да катталды. Табият коргоочулар буну жакшы көрүнүш катары баалашат.

Борбор Азияга Сыртландын келиши жаратылыштын оңолушунун белгиси, дейт Табиятты сактоо боюнча Дүйнөлүк корунун өкүлү Олга Переладова:

- Сыртлан жаныбарлардын өлүгү менен тамактанат. Эгер жаратылышта жырткыч айбандардан кийин сыртланга да тамак калып жатса, демек эко-система оңолуп жатат. Демек жырткчытарга тамак болчу жөнөкөй жаныбарлардын саны да көбөйүп жатат. Эгер бул жакта жаныбар аз болсо, анда тамак жетишпей, сыртландар бери көчпөйт эле.

Мурун сыртландар Борбор Азияда да жашачу, бирок адамзатынын иш-аракеттери жалпы эле жаныбарлардын санын кескин азайткан. Жаныбарларды түздөн-түз өлтүргөн мергенчиликтен тышкары алардын жашоо чөйрөсүн жок кылуу да орун алган дейт тажикстандык зоологист Фархад Давлатов:

- 30-жылдары Вахш өрөөнүнө пахта айдалган. Эл тоодон өрөөнгө көчүрүлүп, жаныбарлардын жашоо чөйрөсү азайган. Бул жерде жашаган топоздор менен эликтер бара-бара жоголуп, сыртландарга жегидей эч нерсе деле калбай калды.

- Азыр жалпы Борбор Азия аймагында 200дөй эле сыртлан бар. Бирок алардын түндүк-чыгышка, Түркмөнстандан Өзбекстан жана Тажикстан тараптарга көчүшү эко-системанын калыбына келишин тастыктайт , - дейт Олга Переладова. Ал буну табият менен кана эмес, коомчулук менен алып барган иштин жыйынтыгы катары билет:

- Эко-система чоң баалуулук экенин эл да тушүнүп калды, андыктан жаратылышка аяр мамиле кылынып жатат. Мындай абалда жаныбарлардын абалы да жакшырып, алар көбөйө баштады.

Каарманбек Кулуев, Бишкек

XS
SM
MD
LG