Кечээ АКШда Президенттин күнү майрамына карата бардык мектептер, өкмөттүк ишканалар жана каржы мекемелери жабылды. Президент Жорж Буш өз сөзүндө Кошмо Штаттарынын Британиядан көз карандысыздык алуу учурунда өлкөнүн биринчи президенти Жорж Вашингтондун ролун белгиледи. Буш революционерлердин 18-кылымдагы согушун Ирак жана Ооганстандагы чатагы менен салыштырып, АКШ эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн жаңы согушка кирген деп кошумчалады.