Каржы министри Акылбек Жапаров парламентте билдиргенине караганда, 24-25-мартта талап тоноого кабылган ишкерлердин чыгымдарын тастыктаган бир да сот чечими чыга элек. Өкмөт былтыр жабыркагандардын арыздарынын негизинде кредиттик союз аркылуу 10 миллион сом берген. 2007-жылы да 10 миллион сом берүүнү болжоп жатат. (BuS)