Иран өкмөтү Бушердеги атомдук электр станциясынын курулуш иштери орус адистеринин айлык акысы кармалгандыгынан улам токтоп калды деген Орусиянын билдирүүсүн четке какты. Бүгүн Венада Ирандын өкүлү Али Ларижани жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохамед ал-Барадейи жолугушат. 23-февралда МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы тууралуу докладын жарыялайт.