Багдаддын батышындагы Рамади шаарында эки миналанган машиненин жардыруусунан беш полиция кызматкери жана алты жайкын тургун мерт кетти. Багдаддагы автобустун жардыруусунан беш жүргүнчү курман болду. Махмудия шаарында террорчулуктан эки адам көз жумду. Анын аралыгында америкалык командачылык акыркы үч күндө Иракта тогуз жоокер курман болгонун кабарлады.