Президенттин маалымат кызматы ушундай билдирүү таратты. Жаңы түзүлгөн уюм чындыкка коошпогон билдирүү таратуу аркылуу өз аброюна эле эмес, мамлекеттин саясий келечегине доо кетирип жатат деп айтылат бүгүн таратылган билдирүүдө. Ошондой эле анда радикализм, ал кайсы түрүндө болбосун, эл жана сергек күчтөр тарабынан колдоого алынбай тургандыгы белгиленген.
Кечээ «Кыргызстандын татыктуу келечеги» аттуу бириккен фронт түзүлгөндүгү тууралуу билдирүү таратылган. Билдирүүдө чыныгы Конституциялык реформа жасоо, аны кезексиз президенттик шайлоодон баштоо максаты белгиленген. Экс-премьер министр Феликс Кулов жетектеген «Арнамыс» партиясынын маалыматына караганда, жаңы саясий бирикмени колдогон саясатчылардын саны элүүгө жетти. (BuS)