Бул тууралуу «Азаттыкка» билдирген нааразылык чаранын катышуучусу Улукбек Осмоновдун айтымында, кечээ башка айылдардан келген өкүлдөр тилектештик билдирип, бүгүн кошумча боз үйлөрдү тигүү ниетин билдиришкен. Таластын Бекмолдо айылынын тургундары Жерүйгө кеткен жолго үч боз үй тигип, беш күндөн бери эч кимди өткөрбөй турушат. Алар алгач буга чейин берилген убадалардын аткарылышын талап кылса, кийинчерээк кенди биротоло жабуу талабын койо башташты. Премьер-министр Азим Исабеков да Жерүйдү иштетүү уруксатын алган Австриянын «Глобал голд» компаниясы макулдашылган шарттарды аткарбай жатканын кечээ парламентте билдирген. (SM)
7:37 Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы акцияга бүгүн аймактагы башка айылдардын эли да кошулуусу күтүлүүдө