Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

11:30 «Эмгек жана Биримдик» партиясы Жаныш Бакиевди депутаттыкка көрсөтүүнү болжоодо


№40 Отузадыр шайлоо округу боюнча талапкердикке көрсөтүлөөрү күтүлүп жаткан Жаныш Бакиев аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү. Жаныш Бакиев азыр Эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестициялык программалар боюнча укук борборун жана маркум Жусуп Бакиевдин коомдук фондун жетектейт.Бул тууралуу бүгүн Эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестициялык программалар боюнча укук борборунун орун басары Эркиндик Токтобаев билдирди. Президенттин иниси былтыр «Матрешка» чатагына байланыштуу Коопсуздук кызмат башчысынын орун басарлыгынан бошотулган. Айрым байкоочулар президенттин бир тууганын парламентке алып келүү аракеттери мурунку бийликти жаманатты кылган каталарды кайталоого алып келиши ыктымал деп белгилеп жатышат.
(BuS)

XS
SM
MD
LG