Жарандык сот Кубадагы америкалык аскерий базада кармалган чет элдик айыпкерлердин ишин карай албайт. Мындай чечимди АКШнын Аппеляциялык соту кабыл алды. Бул чечим менен сот президент Жорж Буштун террорчулукка каршы күрөштөгү саясатынын маанилүү элементин бышыктады. Учурда базада террорчулук кылган деген кине менен төрт жүзгө жакын айыпкер кармалууда.